Абылгазиев ​Кумтөр кенинде жоголгон адамдарды издөө үчүн бардык чараларды көрүүнү тапшырды

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине кетишти.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Кумтөр кенинде жоголгон жарандарды издөө боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын берди.

1-декабрда эртең менен «Кумтөрдүн» эки кызматкери — бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси жоголгон.

Алар кен казуу аймагындагы жер көчкүдөн кийин табылбай калышкан. Бул тууралуу ишкананын өкүлү Марина Гаврилова билдирди.

— Жекшемби күнү эртең менен Кумтөр кениндеги участкалардын биринде жер көчкү жүргөн. Баштапкы маалыматтар боюнча эки киши дайынсыз болууда. Азыр издөө иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет,- деди ишкананын өкүлү Марина Гаврилова.. Учурда аларды издөө иштери жүрүүдө.

Кумтөр — Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Расмий маалымат боюнча, Кумтөр алтын кенинде 4 миңге жакын адам иштейт. Алардын ичинен 2678 кызматкер тоо-кен ишканасы менен түз келишим түзүп иштесе, 1092 адам ортомчу ишканалар аркылуу жумушка орношкон. «Кумтөрдө» иштегендердин баары вахталык тартип менен, башкача айтканда 10-15 күндүк нөөмөт менен иштешет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты