Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйыны өтүүдө

  • 4 года мурун

Бүгүн, 28-ноябрда, Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны өтөт.

Анда эл аралык жана аймактык коопсуздук боюнча маселе каралат. Күн тартибинде 21 маселе бар.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар документтерге, анын ичинде уюмдун 2020-жылга карата бюджети бекитилет.

ЖККУнун жыйынына катышуу үчүн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышат.

Беларус президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга келди.

Жыйын өз ишин улантууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты