27-28-ноябрда жол кыймылына чектөө киргизилет
- 4 года мурун
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) 27-28-ноябрда боло турган жыйынына байланыштуу Бишкекте жол-транспорт кыймылына чектөө киргизилет.
Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы кабарлады.
Төмөнкү жолдорго чектөө киргизилет:
— «Манас» аэропортунан баштап Фучик көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектине чейин;
— Фучик көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
— Жибек-Жолу проспектинен Манас проспектине чейин;
— Чүй проспектинен, Фучик көчөсүнөн Манас проспектине чейин;
— Чүй проспекти боюнча Манас проспектине чейин;
— Чүй проспекти боюнча, Манас проспектинен Абдрахманов көчөсүнө чейин;
— Абдрахманов көчөсү боюнча, Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;
— Манас жана Ч. Айтматов проспектинен мамлекекттик резиденцияга чейин.
Муну бөлүшүү