Баш прокуратура: Саймаитини жана журналисттерди коркутуу боюнча кылмыш иш козголду

  • 4 года мурун

Баш прокуратура «Азаттык», «Клооп» жана «Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүу» (ОССRP) долбоорунун журналисттик иликтөөсү менен таагышып чыккандыгын билдирди.

Иликтөөдө айтылган Айеркен Саймаитини Кыргызстанда өлтүрөм деп коркутуу жана ЖМКда иликтөө катышкан журналисттерди коркутуу тууралуу билдирүүлөрү боюнча кылмыш кодексинин 39 жана 130 – беренеси, өлтүрүү үчүн коркутуу беренеси менен баш прокуратура кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бул тууралуу баш прокуратура билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштү ИИМдин тергөө кызматы жүргүзөрү айтылды.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүн башкы прокуратура көзөмөлгө ала турганын билдирди

«Азаттык» радиосу, «Клооп» порталы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору» ( (OCCRP) долбоору Кыргызстандагы шектүү акчаны адалдоо схемасы, бажы тармагында айланган миллиондор, Райым Матраимов жана Түркияда өлтүрүлгөн Саймаитинин таржымалы тууралуу биргелешкен иликтөө жарыялады.

Айеркен Саймаити ушул жылдын 10-ноябрында кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде атып өлтүрүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты