​ЕАЭБ автоунаанын жеңилдетилген бажы алымдарын узартууга макул болгон жок

  • 4 года мурун

Евразиялык экономикалык комиссия 19-ноябрда өткөн жыйында үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап туруу боюнча Кыргызстандын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Натыйжада 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда автоунаалардын бажы төлөмдөрү кымбаттайт.

Бул тууралуу маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы тастыктады.

2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктайт. 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кымбаттайт.

Ага ылайык, учурда 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыгат.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты