Тарыхты, ата-бабаларды эскерүү

7- 8-ноябрь- Кыргызстанда тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү.


Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү 2018-жылдан бери белгиленүүдө. Ага чейин Октябрь Революциясынын майрамы катары эсептелип келген.



Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, Президенттин жана Өкмөттүн Аппарат кызматкерлери 7-ноябрда 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын эстелик-мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту.



Ошондой эле 2010-жылдын апрелинде курман болгондорду эскеришип, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын Мемориалына гүл коюшту, куран окулду.






Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты