​Мыйзамсыз факты боюнча салык кызматынын “шыр байланышына” чалууга болот

  • 4 года мурун

Товар жана күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташып кирүү фактысы боюнча Салык кызматынын «шыр байланышына» чалууга болот.

Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Салык кызматы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына товар жана күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюу маселеси боюнча жарандардын кайрылууларын жана маалыматтарын кабыл алуу үчүн «шыр байланыш» иштеп жаткандыгын эскертет. Шыр байланыш ушул жылдын май айынан тартып иштөөдө.

Жарандар (0312)61-31-89 номери боюнча ишеним телефонуна же WhatsApp боюнча (0779)61-31-89 уюлдук номерине кайрыла алышат.

WhatsApp боюнча жарандар КР мамлекеттик чек арасынын кыргыз-казак участогу аркылуу товарларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өткөрүүдө талаптардын бузулуу фактылары туурасында билдире алышат.

Билдирүүлөр күнү-түнү кабыл алынат. Кайрылуулар саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин (саат 12.30дан 13.30га чейин түшкү тыныгуу) кабыл алынат.

Жумуш убактысынан тышкаркы, дем алыш жана майрам күндөрү «шыр байланыш» телефону боюнча чалууларды жаздыруу «автожооп бергичтин” жардамы менен ишке ашырылат.

Салык кызматынын ишиндеги бардык маселелер боюнча жергиликтүү салык органдарына же салык кызматынын маалымат борборуна 1240 номери аркылуу кайрыла алышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты