​Режиссер Ырыс Окенова «Азаттык» радиосун сотко берди

  • 5 лет мурун

Режиссер жана телесериал коюучу Ырыс Окенова «Азаттык» радиосун Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна берди.

Бул тууралуу «Журналисттер» коомдук бирикмеси билдирди.

Айтымында, Окенова «Ак шоола» аттуу телесериалды тартууга 250 миң АКШ доллары кетти деген маалымат үчүн кечирим суроону же маалыматты төгүндөөнү талап кылууда.

УТРК башкы директору Жайнак Үсөн уулу Океновага материалдык доо коюп, телесериал бюджети ал суммадан он эсе аз экенин айтып, калган сумманы режиссер өз чөнтөгүнө салып алгандай көргөн. Ошол себептен Окенова арыз жазып, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Ал ошондой эле сотко чейинки териштирүүдо ЖМКга даттанууларды кароо комиссиясына кайрылганы турат.

Сүрөттө: Ырыс Окенова. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты