Памирдеги этникалык кыргыздарга гумжардам жеткирилди

Ооганстандагы Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынын 5 млн сомдук гуманитардык жардам жеткирилди. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтү 5 млн сом бөлгөн. Жалпы жүктүн салмагы 70 тоннаны түздү.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Гуманитардык экспедиция памирлик кыргыздарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жылытуу мештерин дары-дармек, медициналык буюм жана башка зарыл нерселерди жеткирди.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү бул үчүн 5 млн сом бөлгөн. Жалпы жүктүн салмагы 70 тоннаны түздү.

Гуманитардык экспедициянын курамындагы медицина кызматкерлери андагы элди медициналык кароодон өткөрүп, төрөт кабыл алып жана катуу сыркоолорго шашылыш жардам көрсөтүштү.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын аймагынан памирликтердин балдарына билим берүү маселесин талкуулашты. Кыргыз тарап бул маселеге жардам берүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Экспедиция мүчөлөрүн Ооганстан тышкы иштер министрлигинин, миграциялык кызматтын, Бадахшан провинциясынын жана Вахан районунун администрациясынын өкүлдөрү жана Ооганстан премьер-министринин этникалык кыргыздар маселеси боюнча кеңешчиси Ажи Махмуд тосуп алды.

Сүрөттөр: өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты