​Жээнбеков БШК төрайымы Шайлдабекованы кабыл алды

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, 2020-2021-жылдары Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдык талкууланды.

БШК төрайымы маалымдагандай, 2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), 2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке шайлоо, 2021-жылдын апрелинде 417 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), 2021-жылы 4 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык) болот.

Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу менен партиялык системаны бекемдөө боюнча алдыга коюлган милдетти эске салды.

Ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын жаңычылдыктары боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жарандардын шайлоо системасына ишенимин жогорулатуу жана шайлоо комиссиясынын ишинин ачыктыгын камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты