Кыргызстандык балет бийчиси ​Фарух Садыркулов дүйнөлүк бий конкурсунун лауреаты болду

  • 5 лет мурун

Сочи шаарында өткөн “Дүйнөнүн жаш балети-2019” конкурсунда Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисти Фарух Садыркулов лауреат болуп, коло медаль алды.

Андагы конкурска катышкандар жаш курагы боюнча эки топко бөлунгөн. Кичи курактагы топтогулар 19 жашка чейинкидер жана экинчи топтогулар 19 жаштан 27 жашка чейинкилер. Конкурска дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн 50 дөн ашык балет бийчиси катышты

Конкурстун чыгармачыл жетекчиси жана калыстар тобунун төрагасы айтылуу хореограф Юрий Григорович болду.

Бул тууралуу орусиялык ЖМК билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты