​Салык отчётун электрондук түрдө тапшыруу көбөйдү

  • 5 лет мурун

2019-жылдын 8 айында салык отчётун электрондук түрдө тапшыргандардын саны жыл башына салыштырмалуу 44 миң 360ка көбөйгөн жана 1-октябрга 146 миң 71 колдонуучуну түздү.

Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинде 136 миң 58 салык төлөөчү отчетторун жөнөкөй электрондук кол тамгасы менен, ал эми 3 миң 257 – МСКнын www.salyk.kg сайтынан “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук сервис аркылуу, квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен тапшырышат. Мындан тышкары, сервис операторлору аркылуу салык отчетторун 6 миң 656 адам тапшырууда.

Салык кызматы электрондук кызматтарды кеңейтүү жана санариптештирүү боюнча маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди улантат.

Ушул жылдын 1-июлунан тартып кошумча нарк салыгынын электрондук эсеп-фактураларын берүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилген. Ошондой эле, 1-июлдан тартып кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, импорттоочулар жана экспорттоочулар салык отчетторун милдеттүү түрдө квалификациялуу электрондук кол тамгасы коюлган электрондук документ түрүндө берүүгө өтүштү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты