Улуттук көчмөндөр оюну: Көкбөрү боюнча жарым финалдык оюндар өтөт

  • 5 лет мурун

Таласта улуттук көчмөндөр оюндары өтүп жатат. Анын ичинде көкбөрү мелдеши өтүүдө.

Бүгүн, 20-сентябрда, жарым финалдык оюндар өтөт. Биринчи оюнда Талас облусу менен Чүй курама командалары беттешет. Ал эми экинчи оюнда Ош облусу менен Бишкек шаарынын курама командалары күч сынашат.

Бул тууралуу жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

19-сентябрдагы оюндарда Ош облусу менен Баткен облусунун командалары беттешип, эсеп 3:2 болду. Аларга кошумча убакыт берилет. т

Экинчи оюнда. Ош облусу менен Ысык-Көл облусунун командалары беттешип, 4:1 эсебинде жыйынтык чыкты.

20-сентябрда жарым финалда Талас облусу менен Чуй облусу жана Ош облусу менен Бишкек шаарынын командалары ойнойт.

16-21-сентябрда Талас облусунда улуттук көчмөндөр оюндары өтүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты