Мамлекеттик сыйлык жана ардактуу наамдар тапшырылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 19-сентябрда, Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Президенттин жарлыгы менен мамлекеттик сыйлыкка жана ардактуу наамга татыктуу болгондордун сыйлыгы тапшырылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков салтанаттуу жыйында сөз сүйлөп, эмгек гана адамды көкөлөтүп, сый-урматка бөлөй турганы тууралуу айтты.

«Бакубат жашоонун, келечектин, кубаттуу өлкөнүн бир гана тиреги — эмгек!» деди мамлекет башчы.

Сыйлангандардын арасында көзү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Баатыры наамына татыктуу болгон Султан Ибраимов жана Төрөбай Кулатов бар. Ошондой эле актриса Жамал Сейдакматова, комузчу Самара Токтакунова, комузчу Самара Токтакунова, Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбеков жана окмуштуу Мухаммаджан Мамасаидов «Манас» ордени менен сыйланышты.

Жазуучу Кубатбек Жусубалиев «Кыргыз эл жазуучусу», акындар Карбалас Бакиров жана Абдыжапар Эгембердиев «Кыргыз эл акыны» деген ардактуу наамга ээ болушту. Драматург Бурул Калчабаева Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алды. Бардыгы болуп 164 инсан сыйланды.

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты