​Түлеевдин батирлерин сатууга шектүү кармалды

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевге таандык болгон, муниципалдык менчикке өткөн 8 батирди сатууга шектелип издөө жарыяланган мэриянын кызматкери кармалды.

Бул тууралуу шаардык ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда шектүү Баткенде жашырынып жүргөн жана чек арадан өтүп, Тажикстан аркылуу чет өлкөгө качууга камданганы маалым болду.

7-сентябрда аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Лейлек районунун аймагынан кармады.

Кармалган шектүү ИИБдин убактылуу жайына камалып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Анын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу иликтенип жатат.

Э.А. муниципалдык 8 батирди сатууга шектелип жаткан. Ал батирлер мурда Нариман Тулеевге таандык болгон.

Сүрөт: Бишкек шаардык ИИБ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты