​Атамбаевдин иши: Адвокаттар документтерди карап чыгуу мөөнөтүн узартууну өтүнөт

Батукаевдин мыйзамсыз абактан чыгарылышы боюнча кылмыш иши менен таанышып чыгууга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттарына 11-сентябрга чейин мөөнөт беришкен. Бул график боюнча адвокаттар 300-400 беттен турган 27 томду окуп чыгышы керек же күнүнө беш томдон туура келет. Мындай графикти чектөө боюнча Атамбаевдин адвокаттары сотко арызданат.

Бул тууралуу мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышы боюнча кылмыш иши 27 томдон турат. Кылмыш иши тергелип бүткөндүгү тууралуу 4-сентябрда кабарланган.

5-сентябрда тергөөчүлөр адвокаттарга материал менен таанышуу үчүн берген.

6-сентябрда тергөөчүлөр кылмыш иши менен 11-сентябрга чейин таанышып чыгуу графиги коюлгандыгы тууралуу маалымкат берген.

«Бир күндө беш томду окуп чыгууга туура келет. Ар бир том 300-400 беттен турат» деди ал.

Адвокаттар мындай график менен макул эмес.

Жоошевдин айтымында, кылмыш- жаза кодексинин 244-беренесинде шектүү жана анын жактоочунун иштин бардык материалы менен таанышып чыгууга убактысы чектелбеш керек.

Эгер шектүү жана анын жактоочусу иш менен таанышууну атайын эле созуп жатса, тергөөчү ал материал менен таанышып чыгууга мүмкүн болгон белгилүү убакытты белгилейт.

Бул иштин сотко чейинки өндүрүш 26-октябрга чейин узартылганын эске алып, тергөөчүлөр ар бир томго бери дегенде бир күндөн же жок дегенде сентябрдын акырына чейинки убакыт берилик керек дешет.

11-сентябрга чейин деп коюлган график боюнча токтомго каршы арыз берерин Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

ИИМ эмне дейт?

Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевге жана анын адвокаттары Сергей Слесарев менен Замирбек Жоошевге иликтөөнүн аяктагандыгы тууралуу 30-августта билдирилгенин, адвокаттар ар кандай шылтоону айтып, материал менен таанышууга келбегенин белгиледи.

“4-сентябрда Алмазбек Атамбаев жана анын адвокаттары иликтөөнүн аяктагандыгы тууралуу протоколго кол койбой коюшту. Ошол эле күнү Сергей Слесарев менен Замир Жоошев 5-сентябрда саат 9:00 иштин материалдары менен таанышууга чакырылган.

Алмазбек Атамбаев жана анын адвокаттары ишти созуп жаткандыгына байланыштуу, 5-сентябрда материал менен таанышуу убактысы 6-11- сентябрь аралыгы деп токтом чыгарылган, -деп билдирди ички иштер министрлиги.

Алмазбек Атамбаевге өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылууда. Анын ичинде криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотуу боюнча да шектелип жатат.

Мурдагы президент Атамбаев 26-октябрга чейин УКМКнын абак жайында камакта болот.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты