​УКМК: Мушташта күнөөлүүлөрдү жашырган милиция кызматкерлери кармалды

  • 5 лет мурун

Бишкекте массалык мушташка шектүү катары шаардык милициянын кайгуул кызматынын экипажы Э.С. жана М.К. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

6-сентябрда Жазык- процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, айтылган кылмышка шектүү катары Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын экипажы Э.С. жана М.К. кармады.

Кармалгандар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жаткандыгын УКМК билдирди.

28-августта Бишкекте Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында К.Сейитбеков жана Ж.Бапышов тарабынан У.Белеков жана А.Молдожиев аттуу жарандар катуу токмоктолгон

Бул окуядан кийин Чүй облусунун шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери К.Бапышов кылмышты өз убагында аныктоого тоскоолдук кылуу максатында ал жерге барган.

Бишкек шаардык кайгуул кызматынын экипажы К.Бапышов менен сүйлөшүп алып аталган кылмышка катышкан кишилердин изин жашырган.

Бул окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси жана 348-беренеси боюнча катталып, тергөө иштери УКМК Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Массалык мушташка шектүүлөр жана мушташ болгон жерден шектүүлөрдү калкалап алып кеткен милиция кызматкерлери жазасын алсын деп талап кылып, жабыркагандардын жакындары жана тарапташтары Бишкекте 5-сентябрда Ак үй алдына митингге чыгышкан.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев Бишкекте митингге чыккан сабалган балдардын жакындары менен жыйындар залында жолугушуп, шектүүлөрдүн кармаларынва кепилдик берээрин айткан.

Бишкек шаардык ИИБ шектүүлөр Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков Кыргызстандын аймагынан кармалып, Бишкек шаардык ИИБдин убактылуу камак жайына камалганын билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты