Төрөгөн секелектин атасы камалды
- 5 лет мурун
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл аймагында 14 жаштагы секелек төрөгөнү тууралуу милициянын ыкчам-иликтөө иштеринен улам, 29-августта белгилүү болгон.
Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук милициянын басма сөз кызматы Нургүл Нусупова кабарлады.
Окуяга шектүү катары кыздын 53 жаштагы атасы кармалып, убактылуу тергөө абагына камакка алынды. Жазык кодексинин 161-беренесинин («Зордуктоо») негизинде кылмыш иши козголуп, керектүү экспертиза дайындалды.
-Ымыркайды башка үй-бүлөгө беришкени аныкталды. Арыз менен эч ким кайрылган эмес. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында белгилүү болуп жатат. Тергөөдө бул окуяга юридикалык баа берилет,
Чүй облмилициясынын маалыматына караганда, көз жарган секелек — үйдүн эң улуусу. Ал «Балдарды коргоо борборунда» психологдун жардамын алууда. Үй-бүлөнүн андан кийин эки уул, эки кызы бар.
Укук коргоочулар эрте төрөгөндөрдүн көбү зордуктоого дуушар болушарын жана кылмышкерлер жазасыз калып жатканын белгилешет.