Пара алууга шектелип Москва райондук сотунун судьясы кармалды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан  демилгеленген материалдардын алкагында башкы прокурор тарабынан Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьяларына Д.К.С., К.Э.О., С.А.А.  жана B.T.K.га карата  337-берене  «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», 342-берене  «Пара алуу», 343-берене «Пара талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголду. 

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, Чүй облусунун Москва райондук сотунун аппаратынын кызматкерлерин, ошондой эле башка судьяларды соттолуучу адамдардан акча каражаттарын алуу максатында кылмыш ишине тартуу менен судьялар тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Москва райондук сотунун судьясы Б.Т.К., 2024-жылдын 5-мартында  соттун кызматкери К.А.Д.  аттуу ортомчудан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча оң чечим үчүн 1500 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. 

Кылмыш чөйрөсүнө аралашкан ар бир адам, анын катышуусунун негизинде опузалап алынган жалпы сумманын белгилүү бир үлүшүнө ээ болгон. 

5-мартта Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Б.Т.К.  камакка алынып,  КР УКМКнын тергөө абагына, ал эми ортомчу К.А.Д. Жаза аткаруу кызматынын №1 тергөө абагына киргизилген.

Учурда Чүй облусунун Москва райондук сотунун калган судьяларына укуктук баа берүү, ошондой эле ушул сыяктуу кылмыш иштерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жаткандыгы маалымдалды.   

Пара алууга шектелип Москва райондук сотунун судьясы кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты