Телефон аркылуу жасалган алдамчылык: Бишкек ИИБ беш жаранды кармады  

  • 2 месяца мурун

Кийинки кезде телефон аркылуу алдамчылык жасаган фактылар көбөйүүдө. Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык, козголгон кылмыш иштер алкагында, борбор шаардын милиция кызматкерлери беш чабарманды кармады.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.  

Алар кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы Telegram каналындагы топтордо жумуш издеп жүргөн жарандарга, жеке транспорт менен алектенген адамдарга, Яндекс таксисттерине кайрылды. Жарандардын жашаган жери боюнча чабарман атын жамынып барып, акча алып, жарандар алдамчылыктын таасири алдында акча берсе, сиздин андагы кичинекей ролуңузга карабастан, кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыштын катышуучулары катары жоопко тартыласыз. Ал эми далилдердин жыйындысы болсо, «чабармандын» аракети уюшкан топко кошулуу катары каралышы мүмкүн, бул жоопкерчиликти күчөтөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты