Каржы пирамидасын уюштурууга шектелгендер кармалды

  • 2 месяца мурун

2-мартта Биринчи май райондук ичи иштер башкармалыгына О.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, «400 миң сом акчасын эки эсе көбөйтүп беребиз» деген шылтоо менен ээлеп алышкан. Андан кийин убадасын аткарбай, жашынып кетишкен.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 4-мартта билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган факт Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси менен (финансы пирамидаларды уюштуруу) кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан эң негизги уюштуруучулардын бири 1976-жылы туулган С.О. жана шектүү 1995-жылы туулган А.А. аныкталып, кармалган.

Алар тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары Биринчи май РИИБге 100дөн ашуун жаран арызы менен кайрылды.

Азыркы учурда алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Каржы пирамидасын уюштурууга шектелгендер кармалды
Каржы пирамидасын уюштурууга шектелгендер кармалды

Сүрөттөр: ИИМдин басма сөз кызматы

Милиция эгерде шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чексеңиз же кандайдыр-бир маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирүүңүздү өтүнөт: 0(508)11-11-12, 0(709) 49-78-10 жана 102.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты