​Эсеп палатасынын инспектору врачтардан 200 миң сом пара талап кылган

  • 5 лет мурун

Эсеп палатасынын инспектору Э.К. Бишкек шаарынын Ленин райондук №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен 200 миң сом пара талап кылгандыгы аныкталды.

Бул Коррупцияга каршы кызматтын ыкчам иштери учурунда аныкталганын УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, апрель айында Э.К. Ленин райондук №1 й-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен 200 миң сом пара талап кылган.

Мекеменин кызматкери Ш.М. инспекторго 60 миң сом берген. Жетпеген акча каражатын кийин кызматкерлерден чогултуп бермек.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, пара талап кылуу боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

26-июлда Э.К. күнөөсүн мойнуна алган.

Ошол эле күнү аны Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан үй камагына чыгаруу боюнча баш коргоо чарасы каралган.

Ал эми Ш.М. Биринчи Май райондук соту эч жакка кетпөө боюнча баш коргоо чарасын кабыл алган.

Тергөө жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты