Орозбек Опумбаев отставкага кетээрин билдирди

  • 5 лет мурун

Жогорку Кенештин кезексиз сессиясында УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев отставкага кетем деп билдирди.

Депутат Мирлан Жээнчороев эмнеге Кой-Ташка кечинде «Альфа» спецназы кармоого барганын сурады.

«Альфада» адистерди бир жарым ай мурун кетире баштаганын да депутат кошумчалады.

Жээнчороев УКМК, ошондой эле ИИМ жетекчиси да отставкага кетишин талап кылды. Маалыматты билбей, элди бири-бирине кагыштырууга алып бардыңар деди депутат.

Дастан Бекешов «Альфа» атайын отрядынын барышы үчүн УКМК Опумбаев жооп бериши керектигин билдирди. Бекешов Мухаммедкалый Абылгазиев ошол күнү кайда жүргөнүнө кызыкты.

Алмамбет Шыкмаматов 50 жаш спецназды Кой-Ташта 2000 агрессивдүү кишиге салып берип, операция ишке ашпай калганын айтты.

Эмнеге жарандык элдин жарадар болгонун айтпай жатасынар деди Шыкмаматов.

Талант Мамытов эмнеге Атамбаев тууралуу айтпайсынар, эмнеге Атамбаев коррупция, Дача СУ, Батукаев боюнча жооп бербейт деди кызуу кандуулук менен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты