​Жеңиш Разаков Кытай элчиси менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Анда Солтон-Сары кенине жакын жерде Кытай жарандарынын жана жергиликтүү калктын ортосунда болуп өткөн окуяны тезинен жөнгө салуу боюнча пикир алмашышты.

Разаков баса көрсөткөндөй, Өкмөт инвесторлордун да, ошондой эле жергиликтүү калктын да кызыкчылыктарын коргоонун маанилүүлүгүн түшүнөт жана бардык талаштар укуктук негизде, турмуштук жагдайды саясий нукка бурбай чечилиши керек деп эсептейт.

Ички иштер органдары тарабынан окуянын чоо-жайын тыкыр, объективдүү иликтөө жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары жеринде коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатат.

Солтон-Сары кенинде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана башка тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү жүрүшөт.

Жеринде калкка маалымдоо-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сүрөттө: Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты