​Сапар Исаковду туулган күнү менен куттукташты

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 29-июлда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борбору боюнча сот отуруму улантылууда. Экс-премьер Сапар Исаков айыптоочу катары өтүп жатат.

Бүгүн — мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун туулган күнү, 42 жаш курагы менен анын тарапташтары куттукташууда.

Свердлов райондук сотунун алдына анын сүрөтү менен баннер коюлду.

Мурдагы премьер Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга шектелип камалган.

Сапар Исаков бул айыптоону саясий куугунтук катары эсептейт.

ЖЭБге байланыштуу кылмыш ишинде экс-премьерлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, “Энергохолдинг” компаниясынын башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялар” ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов, “Энергохолдинг” башчысынын орун басары Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов, финансы министри Ольга Лаврова айыпталып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты