​4-кабаттан кулаган эки жашар кыз - реанимацияда

Жаңылыктар

Бишкекте төртүнчү кабаттан кулап кеткен кыз №3 тез жардам балдар ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат.

Маалым болгондой, эки жашар С.А. аттуу кыз кечээ, 23-июлда, болжол менен саат 18-20 да Бишкек шаарынын Гагарин көчөсүндөгү үйдүн төртүнчү кабатынан кулап кеткен.

Бул факты Ленин райондук ИИБде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Бул тууралуу шаардык ИИБ басма сөз кызматы билдирди.


ЖаңылыктарБишкекИИБ4-кабатэки жашар кызкуладвы