Теңизбек Абжапаров Салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
- 5 лет мурун
Теңизбек Абжапаров Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.
Анын кызматтан бошотулушунун себеби айтылган жок.
Абжапаров Салык кызматын 2018-жылдын май айынан тартып башкарып келген.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү