Бишкекте балдарды коргоо үчүн түз байланыш кызматы иштеп жатат

Жаңылыктар

Бишкек мэриясы калаанын ар бир районунда балдар иши боюнча түз байланыш кызматы иштеп жатканын маалымдады.

Шаардыктар ушул номерлер аркылуу социалдык маселелер, балдарга байланыштуу иштер боюнча кайрылып, ошондой эле мектептерде жана үйдө балдарга жасалган зомбулуктарды кабарлай алышат.

Телефон номерлер:

  • Биринчи Май району — 0(312) 66-15-37;
  • Октябрь району — 0(312) 51-03-75;
  • Свердлов району — 0(312) 53-05-76;
  • Ленин району — 0(312) 65-69-10.

Бул боюнча иш алып барган комиссия күн сайын жыйын өткөрүп. көйгөйлүү маселелерди жөнгө салып турмакчы.




ЖаңылыктарКыргызстанБишкекмэрияТуз байланыш