​Корея Республикасынын премьери Ли Нак Ён -Ала-Арча капчыгайында

Фоторепортаж

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен өлкөгө расмий сапар менен келген Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ён «Ала-Арча» капчыгайына барып келишти.

Өкмөт башчылар «Дилгир» фольклордук тобунун чеберчилигине, салбуурун жана улуттук жаа менен атуу өнөрлөрүнө күбө болушту.


Ошондой эле Премьер-министрлер «Ала-Арча» паркынын аймагында сейилдешип, Кыргызстандын бийик чокуларына чыгуу үчүн Кореядан келген альпинисттердин тобу менен пикир алмашты.

Кыргыз элинин улуттук суусундуктарынан ооз тийип, ыраазычылыктарын билдиришти.

.

Сүрөттөр: Өкмөттүн басма сөз кызматы.


ЖаңылыктарКыргызстанПремьер-министрМухаммедкалый АбылгазиевКореяЛи Нак Ён