Ички иштер министри Жунушалиев «Азия-Ньюс» гезитин сотко берди
- 5 лет мурун
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кадыр-баркына шек келтирди деп «Азия-Ньюс» гезитин сотко берди.
Бул тууралуу министрдин адвокаты Динара Ашыралиева билдирди.
Сотко кайрылууга гезиттеги фотоколлаж жана министрликтеги кадр маселеси тууралуу материал себеп болгон.
Бүгүн, 19-июлга, соттук отурум белгиленип, ал 1-августка жылдырылды.
Ички иштер министри Жунушалиев гезит редакциясына 5 млн сом доо коюп жатат.
Муну бөлүшүү