Нигериялыктын өлүмү: Алар кокусунан уруша кетишкен

  • 5 лет мурун

Бишкекте «Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнүнүн жанынан сабалды деген Нигериянын жараны Тижжани Али Абубакардын өлүмүнун себеби боюнча Ички иштер министрлиги маалымат берди.

Милициянын айтымында, кылмышка шектүү 1997-жылы туулган К.Э. аттуу ысыккөлдүк жаран менен Тижжани Али Абубаккар тааныш эмес болгон.

Шектүүнүн айтымында, «Чынар» соода борборунун жанында телефон аркылуу сүйлөшүп турганда, нигериялык жаран аны тартпа деп, ошондон уруша кетишен. «Тарткан жокмун» деп айтканына карабай, чет элдик жаран сөгүнүп урушкан деп айткан.

Чыр «Айчүрөк» соода борборунан уланып, шектүү аны бетке чаап жибергенде, нигериялык жыгылыл кеткен.

Cambridge School мектебинин директору Тижжани Али Абубакар ооруканада эсине келбей жатып жан берген.

Анын сөөгү Бишкектеги көрүстөндүн бирине 5-июлда коюлду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты