​Карамушкина: «Атамбаевден башка эч кимдин антына турганын көргөн жокмун»

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигине каршы митингге чогулушту.

Митингге Алмазбек Атамбаев да катышууда. Митингге келген ЖК депутаты Ирина Карамушкина:

-Биз бул жакка стабилдүүлүккө каршы чыгуу үчүн келген жокпуз. Биз бул жакка мамлекетте мыйзамдуулук болбосун деп келген жокпуз. Биз бул жакка тескерисинче, мамлекеттик бийликте өлкөдө коррупциялык-кландык схемалар болбосун, өлкөдө мыйзамдуулук орносун, мыйзам белгилүү бир инсандар үчүн эмес, ар бир жаран үчүн иштесин деп чыгып жатабыз.

Эң негизгиси биз бул жакка оюбузду эркин билдире алуу мүмкүнчүлүгү үчүн келдик. Эгерде бийлик элге, мыйзамга каршы иштерди жасап жатса, ага карата мыйзамдуу оюбузду билдире алабыз.

Социалдык тармактардан, ЖМКдан мэр Азиз Суракматов митингге чыкпоону өтүнүптүр. Эгерде биз бүгүн эч нерсе дебей, болгон нерселерге көз жума берсек, эртең ар бирибизге келе башташат.

Эң негизгиси тогуз жыл мурун, Апрель революциясынан кийин ушул жерде кайтыш болгон балдарды эскерип 40 күн митинг өткөргөнбүз. Ошондо көптөгөн оппозиция лидерлери элге ант беришкен.

Биз эми биригип бир үй-бүлөдөй аракет кылышыбыз керек. Тилекке каршы, Алмазбек Атамбаевден башка эч кимдин антына турганын көргөн жокмун.

Эң негизгиси биз мыйзамдын иштөөсүн коргогон тиешелүү органдардан мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылып жатабыз. Биз бул бийликти жайына койбойбуз. Мыйзамдын иштешин талап кылабыз”,- деди депутат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты