​Жаран 200дөй машина айнегин чек арадан үй буюмдары катары көрсөткөн

  • 5 лет мурун

Салык кызматы «Чоң-Капка автожолу» (Талас облусу) көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук көзөмөл жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан автоунаанын маңдайкы айнектерин үй буюмдары катары ташып келгендигин аныктады.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, 199 даана машинанын маңдайкы айнегин ташып бара жаткан автоунаа кармалган.

Айдоочу Россиядан жеке үй буюмдарын алып келе жатканын билдирген.

Бирок текшерүү учурунда машинанын маңдайкы айнектери табылган. Ошондой эле товарды алып келүүгө уруксат документтери-салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты, коштомо кагазы ж. б. болгон эмес.

Укук бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык, андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына (финансы полициясына) өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты