​Документсиз жана акциздик маркасы жок 59 миң куту тамеки кармалды

  • 5 лет мурун

Салык кызматы Чек ара кызматы менен бирге 23-июнда кыргыз-казак чек арасында, “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук көзөмөл жана товарды эсепке алуу убактылуу пунктунан акциздик маркасы жок жана уруксат берүүчү ж.б. документтери жок тамеки алып өтүп бара жаткан автомашинаны кармады.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бардыгы болуп болжол менен 3 млн сом суммадагы 59 миң 500 куту тамеки аныкталган. Ал тамеки менен автомашина убактылуу токтотуучу жайга коюлду.

Бул иш мыйзамга ылайык, мындан аркы иш-чараларды жүргүзүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына (финполиция) өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты