Бүгүн Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин расмий сапары болот
- 5 лет мурун
Бишкекте бүгүн, 14-июнда, ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны өтүп жатат жана Индия Премьер-министри Нарендра Модинин расмий сапары болот
Бүгүн, 14-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйыны чакан курамда өтту, эми кеңири курамдарда өтөт.
Жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге кол коюлат.
Ошондой эле бүгүн, 14-июнда күндүн экинчи жарымында Индия Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргыз Республикасына расмий сапары болот. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуулар тар жана кеңири курамдарда өтөт.
Мындан тышкары кыргыз-индия бизнес-форуму өтөт.