​ШКУ жыйынын 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү ЖМК өкүлү чагылдырат

  • 5 лет мурун

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 13-14-июнунда Бишкек шаарында өтө турган жыйынын чагылдыруу үчүн 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аккредитацияланды.

Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Ооганстан, Белоруссия, Иран, Монголия жана Япониядан 115 жалпыга маалымдоо каражаттарынан 443 чет элдик журналисттер аккредитациядан өттү.

Ошондой эле Кыргызстандын 32 жалпыга маалымдоо каражаттарынын 94 өкүлү аккредитациядан өттү.

13-июнда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук Филармониясында ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын катышуусу менен “Достук кербени” аттуу майрамдык гала-концерт болот. Аны “ЭлТР” республикалык телеканал түз эфирде көрсөтөт.

14-июнда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Жыйындын жүрүшүн Коомдук телерадиокорпорациянын “Ала-Тоо 24” телеканалы түз эфирден көрсөтөт.

Түз эфирге аккредитациядан өткөн чет элдик жана жергиликтүү негизги телеканалдар кошулат.

ШКУга 8 мамлекет мүчө болуп эсептелет: Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. 4 өлкө байкоочу макамына ээ, алар: Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголия.

Бул күндөрү ШКУнун Саммитинен тышкары, эл аралык мүнөздөгү башка иш — чаралар да өтөт

12-июнда Бишкек шаарына Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

13-июнда Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары башталат.

14-июнда Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий сапары болот

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты