​Орокто кармалган жергиликтүү Кеңеш депутаты үй камагына чыгарылды

  • 5 лет мурун

Орок айылында жаңжалдан кийин кармалган жергиликтүү кеңештин депутаты Кылычбек Бокоев үй камагына чыкты.

Бул тууралуу Кыйноону алдын-алуу борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

Жергиликтүү кеңештин депутатын үй камагына чыгаруу чечимин Сокулук районунун соту кабыл алган.

Кечээ, 5-июнда, Төмөнкү Орокто айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм мушташа кеткен, жабыркаган экөө азыр ооруканада жатат, бири нейрохирургия бөлүмүндө.

Факт Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене («Ээнбаштык») менен катталды. Андагы жаңжалдан кийин 32 киши кармалып, кайра кое берилгенин ИИМ кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты