ИИМ: Сокулук РИИБ убактылуу кармоочу жайынын камерасында шектүү асынып алды

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 2-апрелде Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн (ИИБ) бактылуу кармоочу жайынын камерасында алдамчылыкка шектелип кармалган 41 жаштагы У.Б. асынып алды.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы кабарлады.

Бул окуя жана андан кийинки жүргүзүлүүчү иш-чаралар ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынганы айтылды.

Маалыматта окуянын жагдайлары такталып, кызматтык текшерүү башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү кызматкерлердин аракеттерине баа берилип, күнөөлүлөргө чаралар көрүлөрү да белгиленди. Процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты