Улан Майлибашев Кант шаарынын мэри болуп дайындалды
- 7 месяцев мурун
Улан Майлибашев Чүй облусунун Кант шаарынын мэри болуп дайындалды.
Бул тууралуу тескемеге Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта дайындоо президенттин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгына ылайык ишке ашырылганы айтылды.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү