Үшүк жүрүшү күтүлүүдө
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 31-мартта жана 1-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына коркунучтуу экени эскертилди.
Муну бөлүшүү