​Манас Арабаев 3-июлга чейин камакта болот

  • 5 лет мурун

Биринчи май райондук соту бүгүн, 4-июнда, президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Манас Арабаевдин баш коргоо чарасын карап, аны 3-июлга чейин камакта калтырды.

Бул тууралуу биздин кабарчыбыз соттон кийин билдирди.

3-июнда Улуттук Коопсуздук Комитетинин Коррупцияга каршы кызматы президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевди кармаган.

Манас Арабаев 2018-жылдын 15-майында кызматтан алынган.

Кызматтан алуу саясий жетекчилик жүргүзүп жаткан саясатка туура келбегендиги, саясий жетекчиликтин ишениминен чыккандыгы менен байланыштуу деп айтылган.

Анын аты өлкөдөгү көп сандаган соттогу адилетсиздик, сотторго кысым көрсөтүү менен байланыштырылып келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты