Активист Гүлжигит Исаков үй камагына чыкты

  • 4 недели мурун

Тогуз айдан бери тергөө абагында отурган активист Гүлжигит Исаков саламаттыгынын начарлаганына байланыштуу 5-апрелде үй камагына чыкты.

Бул тууралуу «Азаттык» Исаковдун тарапташы Бекназар Айталиев билдиргенин жазды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «бийликти күч менен басып алуу аракетин көргөн» деген айып менен кармаган беш кишинин төртөө эки аптага камакка алынып, бирөө үй камагына чыгарылган.

Жапырт башаламандык акцияларын уюштуруу үчүн бийликти күч менен басып алууга бир жылдан бери жашыруун даярдык көрүп жүргөн адамдар тобу аныкталганын, алардын башында “Элдик кеңеш” саясий партиясынын төрайымы Роза Нурматова турганын, чогултулган аудио жана видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголгонун УКМК 2023-жылы 6-июнда билдирген. 

Роза Нурматова 2010-жылдан кийин Садыр Жапаровдун тарапташтарынын штабын башкарып, ошол учурдагы бийликке оппозиция болгон.

“Чек ара” коомдук бирикмесинин өкүлү катары белгилүү Гүлжигит Исаков 2019-жылы Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевди колдоо митингине катышкандан кийин милиция анын ата-энесинин үйүнө барып, бир тууганын суракка чакырган. Исаков азыркы бийликтин айрым иштерине нааразы экенин ачык айтып, Кемпир-Абад маселеси боюнча өз позициясын билдирип жүрчү.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты