11 журналисттин иши: Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын шаардык сотто кароо 5-апрелге жылдырылды

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 1-апрелде, Бишкек шаардык сотунда иликтөөчү журналист, мурда «Темиров лайв» долбоорунда иштеген, азыр «Арча медиа» кызматкери Сайпидин Султаналиев боюнча райондук соттун эки айга камакка алуу чечими боюнча соттук процесс 5-апрелге жылдырылды.

Ага жактоочунун соттук отурумга келбей калганы себеп болгону айтылды.

12-мартта Биринчи Май райондук сот Сайпидин Султаналиевди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

16-январда «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү болуп, өздөрү ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып келген.

ИИМ медиа кызматкерлери кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар)  үчүнчү бөлүгү боюнча  (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камалганын кабарлаган.

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын 11 кызматкерин эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Алар – «Темиров LIVE» редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, «Нур пресс» медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, «Темиров LIVE» редакциясынын, «Айт, айт десе» долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, «Темиров LIVE» редакциясынын мурдагы журналисти, учурда «Арча Медиада» (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр «Алга Медианы» иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында «Темиров LIVE» каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып «ПолитКлиникада» иштеп жаткан Тыныстан Асыпбеков.

Сүрөттө: Сайпидин Султаналиев. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты