​Эл аралык террор уюмунун мүчөлөрү кармалды

  • 5 лет мурун

Улуттук Коопсуздук комитети Чек ара кызматы менен бирге Баткен тарабынан чек арадан мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган кыргыз жарандары 1990-жылы туулган Р.Б. жана 1992-жылы туулган Р.У.ну кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Аларды тинткенде Калашников автоматынын ок-дарылары табылды.

Р.Б. 2015-жылы КМШ өлкөлөрүнүн биринде жүрүп, эл аралык террордук топ үгүтүнө кабылып, Сирияга согуш аракеттерине катышууга жөнөтүлгөн.

2017-жылы террордук багыттагы кылмыштары жана эл аралык террордук топ курамында согуш аракеттерине катышкандыгы үчүн Интерпол тарабынан изделип жаткан.

Р.У. террор тобу тарабынан жалданып, Сирия өкмөтүнүн аскерине каршы куралдуу кагылышууларда катышкан.

Кармалгандар террордук топтун лагерлеринде атайын даярдыктан өтүп келишкен.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Камалгандар УКМК Тергөө камак жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты