​Сооронбай Жээнбеков: “Бизде прессага ишенишет жана кулак салышат”

  • 5 лет мурун

Биздин өлкөдө прессага мамиле өзгөчө – ага ишенишет жана ага кулак салышат” деп билдирди Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-майда, Шанхай кызматташтык уюмундагы өлкөлөрдүн Медиафорумунун ачылышында

Президент Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына жогору баа берди:

—Бизде мамлекеттик да, көз карандысыз да ЖМКлардын күчтүү институту түзүлдү.

Биздин өлкөдө прессага мамиле өзгөчө – ага ишенишет жана ага кулак салышат.

Анткени сөз эркиндиги жана журналисттин позициясынын көз карандысыздыгы – биздин коомдун көптөн бери кармаган салты болуп калган,—деди мамлекет башчы.

Андан ары Жээнбеков биздеги ЖМКнын ролуна токтолду:

—Пресса бизде жарандык коомдун жарчысы болуп, коомдук маанайды аныктап турат.

Жарандар жана мамлекеттик бийликтин ортосундагы диалогдун ортомчусу болуп саналат.

Бизде журналисттердин аркасы менен бардык кабыл алынуучу чечимдер коомчулукка дароо маалым болуп турат.

Эртели-кеч өлкөдө болуп жаткандын баарын адамдар ЖМКлар аркылуу билип турушат.

Ошондуктан бизде ЖМК үчүн жабык тема жок десек болот. Кыргызстан – бул ачык коом, -деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн, 24-майда, Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн Медиафоруму өтүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты