Өкмөттү карап олтура бербей, кулпунай өстүрүп оокат кылгандар

  • 5 лет мурун

Бишкектин Тунгуч кичи району тарапта жайгашкан кулпунай талаасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун айылдарынан бери келип, эрте жаздан кеч күзгѳ чейин чатырда үй-бүлѳсү менен жашап эмгектенгендер да бар.

Кулпунай, малина жакшы ѳтѳт деп Бишкекке бизнес кылганы келишкен. Кээ бири жакын туугандарын, кошуна-колоңдорун ээрчите келген.

«Кулпунай өстүргөндөр бир айылдай бар «

Кулпунай ѳстүрүү тууралуу аксылык Кутман жана жубайы Элзада бѳлүштү.

Ижарага үч жылдан бери 50 сотых жерди ижарага алып иштетишет. Эки баласы бар, улуусу эки жашта, кичүүсүнѳ саналуу гана айлар болду.

Кышында айылында, кайра жазында келип тиричилик кылышат.

—Кулпунай ѳстүрүүнүн түйшүгү көп, бирок кирешеси жакшы, өзүбүзгѳ жетет. Жалал-Абадда деле кулпунай эгишет, бирок ал жакта аз өтөт.

Кулпунайды отургузаарда жерди ылайыктап, айдатып жумшартабыз. Кѳчѳттѳрү отургузабыз анан сугаруу, отоо чѳбүн жулуу дегендер башталат.

Жумасына бир жолу сугарып туруш керек. Ал сууну ѳтѳ кѳп талап кылган ѳсүмдүк.

Биринчи жылы кулпунай гүлдѳгѳндѳн кийин бир ай гана түшүм берет. Кийинки жылдары мѳмѳсүн мол бере баштайт. Негизинен кулпунай беш жылдык өсүмдүк болуп эсептелет, -деди Элзада.

«Кулпунайды эртең менен эрте тергенге болбойт»

Жубайлар кулпунайды качан терүү керектигин айтып берди.

—Биз азырынча күнүнө 5-10 чакага чейин кулпунай сатып атабыз, убагы келгенде дагы кѳбѳйѳт.

Кулпунайды эртең менен эрте тергенге да болбойт, шүүдүрүмдѳ суу болуп эзилет. Түш ооп кетсе да болбойт, убагында терип жетишиш керек.

Терип алып базарга чыгарабыз, болбосо базардагы тааныштар үйдѳн келип алып кетип, кайра сатышат. Биз бул жердеги чатырлардын биринде жашайбыз, жаңы келгенде салып алганбыз. Кышкысын да эч нерсе болбойт, тура берет. Мындай чатырлар бул аянтта абдан кѳп, бир айылдай эле барбыз, -деди ал (күлүп).

“Кулпунай терем, анан жейм…”

Кичинекей Байэл Дѳѳлѳтбеков:

Бул жер таятамдыкы, биз туугандар менен чогуу иштейбиз. Кулпунай баарыбыздыкы. Эккенибизге тѳрт жыл болду. Эмки жылы жаңы тигебиз, анткени быйыл майда түшүм алып атабыз. Кулпунайдын түрү көп: чоңдору, бат бышканы, кеч бышканы, майдасы болот.

Биздин кулпунай жакшы түрүнѳ кирет. Негизи таятамдын жери болсо деле мага акча тѳлѳп берет. Менин жумушум—кулпунай терем, анан жейм, -деди Байэл.

“Айылда жумушу жок отурганча…”

Буларды Роза эже айтып берди: :

—Биз бул жерде кѳп жылдан бери иштейбиз. Үч кызым бар, жолдошум экѳѳбүз жайы менен 50 сотых жерди иштетебиз. Кошуна чатырдагы иним да келинчеги менен кулпунай ѳстүрүшѳт.

Балдарды да ала келип алганбыз, тамак-ашты ушул жерден жасап жейбиз. Кир жууп, суу ташып тундуруп, кулпунайды да багышып, керээли кечке үйдѳмүн.

Жерибизге жылына 12 миң сом ижара тѳлѳйбүз, сууга жылына 3 миң сом, кулпунай тергенде, отогондо да киши жалдап иштетебиз аларга да акча төлбөйбүз.

Ошентип атып, күз келгенде бир аз кийим-кече, анан тамагыбызга кышкыга даярданып алып кетебиз. Чындыгында айылда жумушу жок отурганча бул жерге келип иштегенибиз да жакшы,-деп айтты Роза эже.

Малина өстүрүшөт

Уулунун жерине каралашканы келген Жамийла апа:

—Уулум Афтандил бул жерден 50 сотых жер алып тиричилигин кылып атат. Ал элге окшоп кулпунай ѳстүргѳн жок, малина өстүрөт. Баламдын досу ушул жерде иштейт, андан угуп, балам да кыбырап жатат.

Балдарым, күйѳө балдарым, кыздарым , небере, чѳбѳрѳм — баары жардам берет.

Былтыр отургузуп, бирок, түшүм ала элекпиз. Жанына помидор да эгип койдук.

Биз чатырда жашабайбыз, жакын тургандыктан, карап коюп турат балам. Балам ѳзү багбанчылыкка жакшы. Ѳкмѳттѳ болсо жумуш жок, «Иштеп тап,ѳзүңдү ѳзүң бак»,- дейт экен.

Өкмөттү карап олтура бербей, булар шымаланып, талаага чыгып, кулпунай өстүрүп, өз оокатттарын жасап жатат.

Айгүл Молдоканова

Сүрөттөрү автордуку.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты