​Студенттер ачкан “Көрөңгө” китеп дүкөнүндө

  • 5 лет мурун

Студенттер Нурай Акылбекова менен Нышанбай Иманкулов Бишкекте “Кѳрѳңгѳ” аттуу китеп дүкѳнүн ачкан. Алар китеп сатуу менен пайда таап, мамлекетке салык төлөп, элди китеп окууга да чакырып келишет. Ошону менен бирге студенттерди да келишимдик негизде жумуш менен камсыздап турушат.

Бишкектеги Арабаев атындагы университетте жайгашкан китеп дүкөнү тууралуу Нурай Акылбекова айтып берди.

Нурай Акылбекова

—Китеп дүкѳнүн Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти Нышанбай Иманкулов экөөбүз 2018-жылдын жай айында ачканбыз.

—Өзүӊѳр студент болсоӊор, дүкѳн иштеткен кыйынчылык жараттыбы?

—Биз дүкөнгө китеп алаарда каражат жагынан кыйналдык. Ал кезде мен 20 гана жашта элем, “ѳзүӊѳр жаш болсоӊор кантип иштетесиӊер” деп ата-энебиз каршы чыкты.

“Бизге бир аз акча бергиле, чын эле дүкѳн иштете албасак, анда акчаӊарды жайы менен башка жерден иштеп кайтарып беребиз” деп, акча алганбыз.

Азыр биз студенттерди да китеп сатууга тартабыз. Алар китеп сатуудан түшкөн пайыздарын алат.

— Бул жерде китептердин көбү кѳркѳм чыгарма окшойт, илимий китептер да барбы?

—Адабий чыгармаларды эл көп окуйт. Илимий китептерди буйрутма менен гана алып келебиз.

Бизде дин таануу, “Куран”, пайгамбарыбыздын насаат китептери да бар. Буларды кѳбүнчѳ авторлор алып келишет. Алардын китепке муфтият уруксат берилген кагаздарын карап алабыз.

— Китептерди кайдан алып келесиӊер?

— Авторлор китептерин алып келишет. “Бийиктик +”, “Турар”, “Улуу тоолор”, “Грант Принт”басмаканалары менен иштешебиз.

Жакынкы кошуна мамлекеттер да бизге буйрутмаларын жиберип жатышат.

Россия, Казакстан, Түркия, Египетке китептерибизди салдык. Алар менен да иштешүү ниетибиз бар. “


—Келген китепти ѳзүӊѳр окуп чыгасыӊарбы?

Нышанбай Иманкулов

Өзүм Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинде окуйм. Андыктан ар бир китепти окуп чыгып, окурмандарга сунуштайбыз.

Жаштарга Касымалы Жунусалиевдин “Ойгон, ойлон” китебин сунуштайт элем. Аны чоӊ кызматтагы адам окуса да, 7-класстын окуучусу окуса да түшүнѳт. Жашообузду ѳзгѳртүп, ийгиликке жетүүгө жардам берет.

Биздин дүкѳндѳ китептин баасы ар кандай, анын ичинен эӊ кымбат китеп 10 миң сом турат. Анда бардык кыргыз жазуучуларынын чыгармалары топтолгон.

Биз бул китеп сатып, мамлекетке салык да төлөйбүз.

Дүкөндүн филиалдарын да ачалы деп жатабыз.

Маектешкен Айгүл Молдоканова

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты