​«Salam» бренди менен жаңы уюлдук байланыш оператору ачылат

Жаңылыктар


"Альфа Телеком" Кыргызстандын рыногунда «Salam» бренди менен төртүнчү уюлдук байланыш операторун бир айдын ичинде ишке киргизүү милдетин өзүнө алды.

Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бул сыяктуу өнөктөштүк өлкөнүн ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болгон «Альфа Телеком» компаниясынын кирешесине оң таасир берет.

Кеңешмеде биргелешкен ишмердүүлүктөн түшкөн киреше «Альфа Телеком» пайдасына – 67%, ал эми «КТ Мобайл» үчүн – 33% принциби боюнча бөлүштүрүлөрү айтылды.

«Альфа Телеком» -- «КТ Мобайл» компнаиясы менен жыштыкты биргелешип пайдалануу жөнүндө уюлдук операторлор арасындагы аукциондун жеңүүчүсү болгон.


ЖаңылыктарКыргызстан!Алфа Телеком""КТ Мобайл""Салам"уюлдук оператор