Бишкек-Шарджа авиа каттамы 4-июлда ачылат

  • 5 лет мурун

“Эйр Арабия” авиа компаниясы 4-июлдан баштап Шарджа шаарынан Бишкекке түз каттам ачууну жарыя кылды.

Жаңы рейс жумасына төрт жолу: жекшемби, шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү учат.

Air Arabia эл аралык жана ички рейстерден 170 каттамды ишке ашырат.

Буга чейин Кыргызстанда «FlyDubai»авиакомпаниясы иштеп келген.

Кыргызстан мындан ары Кувейт жана Катар менен түз аба каттам ачуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты