Мурат Суталинов эркиндикке чыкты

  • 5 лет мурун

Улуттук Коопсуздук Комитетинин мурдагы башчысы Мурат Суталинов саламатттыгына байланыштуу сот жоопкерчилигинен бошотулду. Бишкек шаардык соту бүгүн Суталиновду бошотуу тууралуу чечим кабыл алды.

Буга чейинки шаардык сотто, 15-апрелде маселе караларда Суталиновдун абалы начарлап кеткенине жана Жаза аткаруу кызматынан өкүл келбегенине байланыштуу сот отуруму жылдырылган.

Ленин райондук соту Мурат Суталиновду бошотуудан баш тарткан чечим кабыл алган.

Мурат Суталинов рак дартынын 4-акыркы стадиясына чалдыгып, онкологиялык ооруканада операция болуп жана химия терапия курсунан өткөн.

Суталинов 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяга байланыштуу 25 жылга эркинен ажыратылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты